ИИМ: Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  
Маалыматта атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин
алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынгандыгы айтылат.
Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалууда.

Бүгүн, 23-октябрда, оппозициялык саясатчыларды, активисттерди жана Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир катар өкүлдөрүнүн үйүн тинтип, андан соң милиция бөлүмдөрүнө алып кетишкен. Кармалгандардын арасында Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Эрлан Бекчоро уулу, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Гүлгаакы Мамасалиева, Канышай Мамыркулова, бардыгы 20 дай адам. Алардын бир тобунун үйлөрү тинтүүгө алынды.

Аларга жапырт баш-аламандыкты уюштурууну даярдоо айыбы тагылып жатат.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Э.Бекчороев жана башкалар кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты