Кемпир-Абад иши: Шаардык сот райондук соттун актоо өкүмүн күчүндө калтырды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 27-мартта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму өттү. Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун актоо боюнча өкүмүн күчүндө калтырды.
Бул тууралуу аталган иш боюнча акталган саясатчы Жеңиш Молдокматов социалдык тармактарда билдирди.
Ушул күнкү сот отурумунда мамлекеттик айыптоо Кемпир-Абад ишин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүүнү суранган.
Биринчи май райондук сотунун актоо чечими мыйзамдуу жана адилеттүү болгонун далилдөө үчүн жана прокурорлордун өтүнүчүнө каршы акталгандар жарыш сөзгө чыгышты.
25-мартта Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотунда сот отуруму өткөн. Ал отурумда Кемпир-Абад иши боюнча акталган ондон ашык саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар сурак берген.
2024-жылдын 4-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.
Кийин 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.
Сүрөт: 27-март 2026-жыл. Жеңиш Молдокматовдун ФБ баракчасынан




