Кемпир-Абад иши: Сот Айбек Бузурманкуловдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты (Видео)
- 2 months мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча активист Айбек Бузурманкуловдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу чечимди Биринчи май райондук соту, бүгүн, 17-апрелде чыгарды.
17-апрелде ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча активист Али Шабдан, активист Эрлан Бекчоро уулу, журналист Айданбек Акматовдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.
Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.
Сүрөт жана видео: “ПолитКлиника”.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!