Кемпир-Абад иши: Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев Кубанычбек Кадыров да акталды  

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Кубанычбек Кадыровду актаган өкүм чыгарды  

Бул тууралуу Бектур Асанов билдиргенин «Азаттык» жазды.

2026-жылы 25-мартта Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотунда сот отуруму өткөн. Ал отурумда Кемпир-Абад иши боюнча акталган ондон ашык саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар сурак берген.

2024-жылдын 4-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

27-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму өттү. Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун актоо боюнча өкүмүн күчүндө калтырды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы 23-24-октябрда октябрда камалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты