48 саатка кармалган саясатчылар жана активисттер эки айга камалды

  • 2 года мурун

Жапырт баш-аламандыкты уюштурууга даярдык көрдү деген шек менен үйү тинтилип жана 48 саатка камалган 20дан ашык саясатчы жана активисттердин бир тобу соттун чечими менен эки айга камалып, Бишкек шаарынын №1тергөө абагына камалды.

Активист Чыңгыз Капаров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалды. Чечимди судья Тилек Турдукулов чыгарды.

Журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камалды. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды, судья — Тилек Турдукулов.

Саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камалды. Чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды. Судья — Нурдин Ибраимов.

Активист Али Шабдан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалды. Судья — Туратбек Бектенов.

Саясатчы Асия Сасыкбаева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалды.

Активист Али Шабдан Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.

Активист Таалай Мадеминов Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.

Айбек Бузурманкулов, Талас облусунун экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.

Саясатчы Равшан Жээнбеков эки айга камалды.

Калгандарына сот процесси уланууда. Камакка алынгандар Бишкек шаарынын №1 абак жайына (№1СИЗО) жиберилди.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

22-октябрда президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин айткан. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин да белгилеген.

24-октябрда Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине акыркы окуялар боюнча маек берип, мындай деген:

— Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен, деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары ал кармалгандардын ишине кийлигише албасын белгилеп, укук коргоо органдары чечим чыгарарын, андан соң кайрылгандарга ырайым берип, камактан бошотууга укуктуу экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты