Кемпир-Абад иши: Кубанычбек Кадыров эки айга камакта калтырылды (Видео)

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасынан бүгүн бөгөт чарасы каралгандардын баары дагы эки айга камакта калтырылды.

Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим чыгарды. Алардын арасында Кубанычбек Кадыровдун да бөгөт чарасы каралып, сот эки айга камак мөөнөтүн узартты.

Бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Бүгүн буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбековдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан 12-апрелде Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника».
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты