Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды

  • 1 год мурун

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды .

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, бүгүн, 12-апрелде чыгарды.

Буга чейин Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылып, андан кийин кайра СИЗО-1ге камакка кайтарылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Клара Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, аны 20-апрелге чейин камакта калтырган.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты