Кемпир-Абад иши: абактагылар ачкачылык жарыялашты

  • 12 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында отургандар бүгүн 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу алардын өлкөнүн акыйкатчысына жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон ачык кайрылуусунда айтылат.

Кайрылууга ылайык, алардын ачкачылык жарыялоосуна Кемпир-Абад боюнча абакта отургандарды улам бир бөлмөгө которуп жатышканы себеп болгон.

Кемпирабадчылардын камакта мыйзамсыз олтурганына 7 айдын жүзү болду. 2022-жылдын декабрь айында бардык кемпирабадчыларды башка абак бөлмөлөрүнө которушкан. Эми 15-майда Равшан Жээнбековду, 17-майда Илгиз Шаменовду дагы башка абак бөлмөлөрүнө эч негизсиз которушту, ал эми Атай Бейшенбек уулун 18-майда үч күнгө айып бөлмөсүнө камашты. Биз бул аракеттерди оюбузду ачык билдиргенибиз үчүн бизге жүргүзүлгөн моралдык-психологиялык басым жана саясий куугунтуктун ыплас жолу деп эсептейбиз”, — деп жазылат кайрылууда.

Кайрылуу ээлери кемпирабадчыларга болуп жаткан моралдык-психологиялык басым токтотулсун жана Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы олтурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын, улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун деген талаптарды коюшту.

Жаза аткаруу кызматы бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Активист Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилгенин аталган мекеме 18-майда маалымдап, пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы менен түшүндүргөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты