Кемпир-Абад иши: Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү узартылды (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү соттун чечими менен дагы эки айга камакта калтырылды.
Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим чыгарды.
Бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Бүгүн буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Rеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбеков Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.
Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан 12-апрелде Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.
Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника».