Жаза аткаруу кызматы абактагы Махабат Тажыбек кызынын коопсуздугуна коркунуч жок экенин билдирди
- 2 месяца мурун
Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) абактагы Махабат Тажыбек кызынын өмүрү коркунучта деген билдирүүнү төгүндүп, анын коопсуздугуна коркунуч жок экенин билдирди.
“Соттолуучу Тажыбек кызы Махабаттын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок. №2 мекеменин администрациясына ал башка соттолуучулардын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө кайрылган эмес” деп айтылат ЖАК билдирүүсүндө.
ЖАК Махабат Тажыбек кызы атын атаган соттолуучу Валентина Лысенко күчөтүлгөн режимдеги камерада жатканын жана ал камерадан чыкпаганын, ал эми Махабат Тажыбек кызы жалпы режимдеги камерада жатканын билдирди.
Абакта жаткан “Айт айт десе” жана “Темиров лайв” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызы өмүрүнө коркунуч келип жаткандыгы тууралуу кат аркылуу билдиргенин Фейсбук баракчасына анын жолдошу Болот Темиров жазды.
Махабат Тажыбек кызынын катында түрмөдө ага соттолуучунун бири тарабынан ууландырып салуу, өлтүрүү менен коркутуу болуп жатканы айтылат.
2024-жылы 10-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.
Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Сүрөт: Сот учурунда. 18-июль 2024-жыл. «ПолитКлиника» медиасы