ЖАМК: Атай Бейшенбек штраф изоляторуна киргизилди

  • 11 месяцев мурун

Жаза аткаруу мамлекеттике кызматы (ЖАМК) Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде отурган Атай Бейшенбек штраф изоляторуна киргизилгенин билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын 21- мекемесинде (СИЗО-1) Атай Бейшенбек уулу штраф изоляторуна киргизилди. Себеби, мерчемделген тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда айыпталуучудан REDMI үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү 2002-жылдын 31- октябрындагы 150- мыйзамдын 36-37 беренелерине ылайык, айыпкер жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлгөн. Буга чейин дагы 2022- жылдын 22- декабрында тинтүү иш чарасында жанынан уюлдук телефон табылып, мекеме жетекчилиги тарабынан сөгүш жарыяланган, — деп жазылат маалыматта.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активист Атай Бейшенбектин камактагы мөөнөтү соттун чечими менен дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим чыгарды.

Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы 17-апрелде каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбеков  Кубанычбек Кадыров,  Азимбек Бекназаров  Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан 12-апрелде Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Сүрөт: ЖАМК тараткан сүрөт.


Сүрөт: ЖАМК тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты