Бүгүн, 17-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камалган Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.
Бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Бүгүн буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.