Кемпир-Абад иши: Активист Али Шабдан эки айга камакта калтырылды (Видео) 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активист Али Шабданды эки айга камак мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, бүгүн, 17-апрелде чыгарды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан Клара Сооронкулова,  Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөт: Соттон кийин. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты