Кемпир-Абад иши боюнча кийинки сот отуруму 27-мартта болот

  • 2 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча кийинки сот отуруму 27-мартта болот. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев ЖМКга билдирди.

Кемпир-Абад иши боюнча акталган ондон ашык саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар 25-мартта Бишкек шаардык сотунда сурак берди.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке кайрылып, аны камоо саясий чечим болгонун билдирди. Равшан Жээнбековго Кой-Таш иши боюнча 7 жыл 8 ай жаза мөөнөтү берилип, камакта жатат.

2024-жылдын 4-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Кийин 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Сүрөт: RFE/RL  25-март, 2026-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты