Абактагы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча негизсиз айып койгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранып кайрылды   

Абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков башкы прокурор Малик Бектургановго, УКМК төрагасы Максат Асаналиевге кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча негизсиз айып койгон прокурор, тергөөчү, сот, эксперттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кайрылды.

Абактагы Равшан Жээнбековдун кайрылуу каты социалдык тармактарда жакындары жарыялады.

 
-Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Малик Бектургановго жана УКМК төрагасы Максат Асаналиевге арыз менен кайрылып, мени жана башка Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн 20 ай тергөө абагында (мыйзамга ылайык бул үч жарым жыл түрмөгө тете) кармап, бир жыл он ай соттордо сүйрөгөн мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев башында турган 10го жакын прокурорлорду, тергөөчүлөрду, сотторду жана эксперттерди Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана башка дагы эки берене (191 жана 359-берене 2-бөлүмү) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууларын суранып арыз бердим, -деп жазды Равшан Жээнбеков.

-Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык, мыйзамсыз жана негизсиз камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылат.
Мени жана башка отузга жакын Кемпир-Абаддчыларды Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Сыдыков толугу менен актап, Бишкек шаардык сотунун коллегиясы, ал окумду, күчүндө калтырганын баарыңар жакшы билсеңер керек.
Тергөөчү, прокурор жана сот бири бирин колдоп, уюшкан топ болуп алып мыйзам бузбастан, бири-бирин көзөмөлдөгөн, биринин кетирген катасын экинчиси жойгон, мыйзамга гана кызмат кылган, адамдардын эркиндигин жана укуктарын коргогон эң маанилүү мамлекеттик институттардын өкүлдөрү болушу керек. Бул — мамлекеттүүлүк, мыйзам үстөмдүгү жана адилеттүүлүк,-деп айтылат кайрылуу катта.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча негизсиз айып тагуу боюнча активист, бул иште айыпталып жана кийин акталган Перизат Суранова мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча сотко кайрылган. Бул тапта Бишкек шаарынын Биринчи май районунда сот иши жүрүп жатат. Мындай өтүнүч менен Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова да кайрылган.

2026-жылы 27-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму өттү. Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун актоо боюнча өкүмүн күчүндө калтырды.Ушул күнкү сот отурумунда мамлекеттик айыптоо Кемпир-Абад ишин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүүнү суранган.

2026-жылы 25-мартта Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотунда сот отуруму өткөн. Ал отурумда Кемпир-Абад иши боюнча акталган ондон ашык саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар сурак берген.

2024-жылдын 4-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Кийин 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы 23-24-октябрда октябрда камалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган жана акталган. Учурда Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча катаал режимдеги №27 мекемеде жаза мөөнөтүн өтөөдө. 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда улантылган.

2025-жылы 3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен саясатчы Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Эми Ирина Карамушушкинанын жазасы жалпы 8 жыл берилип, мурда чыгарылган пробация режими жалпы режимдеги абакта өтөө менен, үй-мүлкү конфискациялоого алуу чечими чыкты.

Абактагы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча негизсиз айып койгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранып кайрылды   
Абактагы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча негизсиз айып койгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранып кайрылды   



Сүрөттө: Равшан Жээнбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты