Равшан Жээнбеков депутаттыкка талапкерлигин коюу укугу бузулуп жатканы боюнча президентке кайрылды

  • 12 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкекте тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан талапкерликке коюу укугу ЖАМК жетекчилеринин айынан бузулуп жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.  

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-Урматтуу Садыр мырза! Сиз, Кыргызстанда бардык маселени бир адам — сиз чече турган авторитардык режим түздүңүз. Сиз буйрук бербесеңиз курулуш маселеси дагы, сүт маселеси дагы, сот маселеси дагы чечилбей калды.

Менин дагы Конституция менен мыйзам жол берген, Ленин району боюнча депутаттыка талапкерлигимди коюу укугум бузулууда.

Каттоо бүтөөрүнө 4 күн калды. Тилекке каршы ЖАК (Жаза аткаруу кызматынын-ред.) жетекчилеринин бюрократиясынын айынан ушул күнгө чейин мени конвой менен алып барып каттаттуу маселеси чечилбей, созулуп атат.

Мен түрмөдө жатсам дагы, Конституция менен мыйзам, мага депутаттыка дагы, президентикке дагы талапкерлигимди коюуга жол берет. Ушундай эле, мен түрмөдө жатып, 2021-жылкы кезектеш Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы катышкам. Ошол маалда дагы Жаза аткаруу кызматы, мени конвой менен Боршайкомго каттоого алып барган.

Садыр мырза, күчтүү жана акылман лидер өз оппоненттерине сый жана татыктуу мамиле жалайт. ЖАКтын жетекчелери, менимче сиздин буйругуңузду күтүп аткандай. Мыйзамга ылайык, менин укугумду аткарууга ЖАМКтын жетекчилеринин мага шарт түзүп берүүсүнө буйрук берип коюуңузду суранам, -деди Равшан Жээнбеков.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камалган Равшан Жээньбековдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты