Кемпир-Абад иши: Рита Карасартова эки айга камакта калтырылды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 19-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кемпир-Абад иши боюнча Рита Карасартованын камак мөөнөтү дагы эки айга узартылды.

Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы 17-апрелде каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбеков  Кубанычбек Кадыров,  Азимбек Бекназаров  Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек, Марат Баязов жана Ильгиз Шаменовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан 12-апрелде Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатканын билдирди.
Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты