№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Дагы бир талапкер арыз берди

  • 1 год мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин коюу жөнүндө Аттокур уулу Илимбек арыз берди.

Бул тууралуу БШК маалымдады.

Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу,  Айбек Субановдон, Салтанат Сагидаева, Гүлмира Усубалиева, Андрей Скорняков, Дамира Ниязалиева, Нурлан Шапанов, Эльдар Мадылбеков жана Акин Токталиевден арыз түшкөн. Булардын арасынан Нурлан Шапанов арызын кайра алган.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Сүрөт: БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты