№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Укук коргоочу Акин Токталиев арыз берди
- 1 год мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин коюу жөнүндө укук коргоочу Акин Токталиев арыз берди. Ошону менен арыз берген талапкерлердин саны 25ке жетти.
Бул тууралуу БШК маалымдады.
Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат Иманкулов, Азат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу, Айбек Субановдон, Салтанат Сагидаева, Гүлмира Усубалиева, Андрей Скорняков арыз түшкөн. 20-апрелде Дамира Ниязалиева, Нурлан Шапанов, Эльдар Мадылбековдон арыз түштү.
Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.
Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.
Сүрөт: БШК.