Жогорку Кеңеш 23 адамдын камалышы боюнча ИИМдин маалыматын угат

  • 2 года мурун

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, 23 адамдын жапырт камалышы боюнча маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды:

«Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат» деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес», — деди Мадумаров.
Натыйжада жапыр камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда угууну чечишти.

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сейитбек Атамбаев саясатчылардын жана активисттердин кармалышы боюнча ИИМдин. Жаза аткаруу кызматынын жана Омбудсмендин маалыматын угууну сунуштаган. Муну депутаттар Дастан Бекешев жана Адахан Мадумаров колдогон.

Башаламандыкка шек саналып жапырт кармоо боюнча 25-октябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын маалыматын уккан. Анда ИИМ кармалгандардын баары айыбы болгону үчүн камалышканын, тергөө жүрүп жатканын айткан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

24-октябрда Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине акыркы окуялар боюнча маек берип, мындай деген:

— Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен, деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары ал кармалгандардын ишине кийлигише албасын белгилеп, укук коргоо органдары чечим чыгарарын, андан соң кайрылгандарга ырайым берип, камактан бошотууга укуктуу экенин кошумчалады.

Оппозициячыл саясатчылардын жана активисттердин кармалышында мыйзам бузуулар аныкталбаганын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

Сүрөт-коллажында: камалган саясатчылар жана активисттер.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты