Депутат эки окуучунун ур-токмоктон каза болгондугу боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жайлообай Нышанов Сузак жана Чаткал райондорунда эки окуучунун ур-токмоктон улам каза болгондугу боюнча маселе көтөрдү.

-Окуу жылынын башталышы менен Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулар арасында мушташ болуп, эки окуучу каза болду. Чаткал районундагы Мырзалиев атындагы орто мектепте 11-класстын балдары 9-класстын балдары менен мушташып, 9-класстын баласын уруп, мушташтан бала ооруканага жетпей каза болду. Мен  бардык укук коргоо органдарынан тыкыр иликтенишин суранам. Ошондой эле райондук билим берүү жетекчилигин, акимди, мектептин директорлорунун жоопкерчилигин караш керек, -деди депутат Нышанов.

18-сентябрда Чаткал районунун Жаны-Базар аймактык ооруканасына жетпей, 2011-жылы туулган Д.Р. аттуу өспүрүм каза болгондугу тууралуу маалымат Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. 

16-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон кийин каза болгон.

Облустук милициянын маалыматына караганда, бул факты Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты