Депутат Сейитбек Атамбаев: Бул туура эмес чечим!

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сейитбек Атамбаев кечээ жакында төңкөрүшкө даярдык көрдү деген айып менен камалган саясатчылар жана активисттердин маселесин көтөрүп, ИИМ, Жаза аткаруу кызматынын жетекчилерин, Акыйкатчыны чакырып, күн тартибинде кароону, камалып жаткан СИЗО-1де шарт өтө жаман экенин айтты:

-20дай белгилүү саясатчы, блогерлер, журналисттер камакка алынып кетти, жекшембү күнү СИЗО-1ге. Аттарын атап кетсем: Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев, Азимбек Бекназаров, Рита Караасртова, Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Таалайбек Мадеминов, Айбек Бузурманкулов, Айданбек Акмат уулу, Чынарбек  Шабдан уулу, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбеков жана башкалар. Негизи биздин саясий көз караштарыбыз да ар кандай, айрыкча меники менен. Бирок, акыйкат үчүн, бул туура эмес чечим. Эртең-бүрсүгүнү кыйналып кетсек, ушул журналисттерден жардам күтпөй эле койсоңор болот. Бул туура эмес. Бийлик ЖМКдан, журналисттерден колдоосун жоготот. Ошон үчүн күн тартибине суранат элем, ички иштер министрин, Омбудсменди, ГСИН жетекчисин чакырып, ал жакта шарт өтө жаман дейт,  отчетун берсин. Бизде суроо, жооптор толтура.  Келсин, биякка,-деди депутат Атамбаев.   

Депутат Дастан Бекешев да кечээ комитеттин отуруму болгонун, бул маселени караш керек экендигин билдирди.   

Депутат Адахан Мадумаров да бул пикирлерге кошулуп, маселени кезексиз кароо сунушун билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрдан 25-октябрга караган түнү жалпы 20 кишинин баш коргоо чарасы каралып, бардыгы эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлиги саясатчылар менен активисттердин камалышында мыйзам бузуу болбогонун белгиледи.

Сүрөттө: Камалган саясатчылар жана активисттер.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты