Жогорку Кеңеште депутат Сурабалдиева менен Салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов кайым айтышты
- 2 недели мурун
- Баяндар
Бүгүн, 1-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева менен Салык кызматынын төрагасы айрым салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорунун талкуусу учурунда салык купуялуугун бузуу ченемдери боюнча кайым айтышып кетти.
-Урматтуу өкмөт! Адылбек Алешович (Касымалиев- Минкаб төрагасы) командировкада экен. Акыркы төрт жылда бир киши бул жакка келгенде трибунада кыйкырып-өкүрүп, сөгүнгөнгө чейин барды эле, эл анын баарын көрүп жатты. Парламентке келгенде, урматтуу жетекчилер, мандатты сыйлаңыздар. Сиздер мамлекеттик кызматтасыздар. Этиканы эске алыңыздар, мамлекеттик кызмат эмне экенин унутпаңыздар. Элдин атынан сүйлөгөн эки эле категория бар, президент, анан депутат. Депутаттарды сыйлабасаңыздар, бул жакка өзүңүздөрдүн ордуңуздарга сыйлаган адамдарды жөнөтүңүздөр. Биякка биз айтышканы келбейбиз, бирок алдын-ала жарандардан, өзгөчө шайлоочулардан кайрылуулар келип жатканда, улуу трибунадан көтөрсөк, бул биз ойлоп тапкан нерсе эмес, бул көчөдө болуп жаткан нерселер. Эгер телевизордон бир киши көрүп жатат десеңиздер, жаңыласыздар. Бул жерде башкы прокурордун орун басары отурат, мамлекеттик кызматкерлерге этиканы эскертип коерсуз, -деди Эльвира Сурабалдиева.
Салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматовго жооп үчүн сөз берилген жок, бирок кийинки депутаттын суроосуна жооп бергенде, депутат Сурабалдиевага жооп айтты:
-Парламент дискуссия боло турган трибуна, бири-бирибизге акаарат айтпай, чындык издейли дейбиз. Жооп бербегиле деген абсурд,-деди Шыкмаматов.
Салык кызматынын башчысы Алмамбет ушундай эле механизмди калтырып, 1 млн сомдук айып пулду азайтуу боюнча тиешелүү бардык тараптар менен маселени талкуулоо сунушун берди.
Депутат Эльвира Сурабалдиева депутаттар сүйлөп жатканда төрага да комментарий бербей турганын эскертти.
-Төрт жыл мурда салык кызматкерлери 3 млрд каражат уурдалды деп айтылган, аягында 30 млрд деп айтылды. Эл ишенди, бирок иш козголгон жок. Туура эмес сүйлөгөндөр камалып, мамлекетти тоногондор жоопкерчиликке тартылган жок, -деди Сурабалдиева.
“Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Сүрөттө: Депутат Эльвира Сурабалдиева. kenesh.kg




