Жогорку Кеңеште Илим жөнүндө, Илимдер академиясы жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору кабыл алынды
- 2 дня мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Илим жөнүндө, Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нарынбек Кубатбек уулунун айтымында, өзгөртүүлөр Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын илимий, эксперттик-аналитикалык жана эл аралык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, Академиянын кадрдык дараметин өнүктүрүү, улуттук жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытатталган.
Андан тышкары жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




