«Жашыруун гриф». Канатбек Исаевге кандай айып коюлганы айтылган жок

  • 1 год мурун

23-октябрда камакка алынган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевдин ишинде «жашыруун гриф» бар, мындан улам башка маалымат берилбей турганын 24-октябрда «Клооптун» журналистине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Саясатчы Исаев соттун чечими менен 23-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу камак жайына киргизилди.

«2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучуга карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу бөгөт чарасына өзгөртүлдү» деп айтылат соттун маалыматында.

Канатбек Исаев Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирген. Ал тууралуу кечээ өзү Фейсбук баракчасына минтип жазды:

-Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн биздин өлкөдө болуп көрбөгөндөй саясий куугунтук күч алды. Кечээ күнү «Кемпир Абадды» коргоо комитетине кирсек, бүгүн бардыгын камап жатышат. Жерибиз үчүн камалуудан коркпойбуз. жерибиз үчүн жаныбызды бергенге даярбыз. «Ак ийилет-бирок сынбайт». Элим, намысыңарга келгиле! Кемпир Абадды сактап калалы! Бул биздин ыйык милдет! Кайдыгер болсок урпактар кечирбейт, кудай кечирбейт!Күч бирдикте!Урматым менен Канатбек Исаев.

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар 48 саатка кармалган.

Азиза Абдирасулова саясатчы Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын билдирген.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Э.Бекчороев жана башкалар кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты