Садыр Жапаров: Камалгандардын көпчүлүгү менен диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде акыркы окуяларга комментарий берди.

Анда саясатчылардын жана активисттердин жапырт камалышы тууралуу мындай деди:

-Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен,-деди мамлекет башчы.

Президент Жапаров мындан кийин 10 жыл болобу, 100 жыл болобу, эл алкыш айткандай иш жасап кетээрин белгиледи:

-Ар кандай кызмат орундарын ачып, баарына кызмат жеткирсең деле болот. Бирок мамлекеттин ар бир тыйыны менин мойнумда да. Кантип ысырап кылам? 7 миллион элдин алдында ар бир тыйын үчүн жооп беришим керек. Коркок болсом, балким мурдагылардай – 2010-жылдагыдай кылып, пайда-батасы жок министрликтерди ача коюп, «мына сага, министр бол!» деп тынчытып койсом деле болмок. Бирок мен андайга барбайм! Анткени мен корккудай ууру кылган жокмун. Бийликте олтурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем, -деди Президент.

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу, Кубанычбек Кадыров жана башкалар 48 саатка кармалды. Канатбек Исаев бир айга камалган.

Садыр Жапаров: Камалгандардын көпчүлүгү менен диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат
23-октябрда 48 саатка камаоган саясатчыар жана активисттер. Интернет булактарынан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ал эми Канатбек Исаев кандай берене менен камалганы айтылган жок.

24-октябрда Бишкек жана Ош шаарларында «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөөнү жана ал боюнча пикирин билдиргендерге куугунтукту токтотууну талап кылган акция өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты