ИИМ: саясатчы жана активисттердин кармалуусунда мыйзам бузуулар аныкталган жок

  • 2 года мурун

Оппозициячыл саясатчылардын жана активисттердин кармалышында мыйзам бузуулар аныкталбаганын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

Аширходжаев кармоолор жана тинтүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөнүн айтты.

«ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 20-октябрда Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык башаламандыктар») боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш иши боюнча атайын тергөө амалдары жүрүп, анын жыйынтыгында 23-октябрда 22 адамдын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ошол эле күнү 21 адам кармалган. Аларга 24-октябрда айыптары угузулуп, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 20 адам камакка алынды, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары Жазык кодексинин алкагында жүрүп жатат. Кармоо жана тинтүүнүн мыйзамдуулугу прокуратура жана сот тарабынан каралган, мыйзам бузуулар аныкталган жок», — деди ал.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрдан 25-октябрга караган түнү жалпы 20 кишинин баш коргоо чарасы каралып, бардыгы эки айга камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты