Депутаттар карыларга ар күнү көңүл буруу маселесин көтөрдү

Карылардын эл аралык күнүндө депутаттар карыларга ушул күнү эле эмес, ар күнү көңүл буруу маселесин көтөрдү. Депутат Улукбек Карыбек уулу бүгүн, 1-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карыларга байланыштуу эки көйгөй тууралуу айтты.

—Бирок 80-90 жашка чыккан карыларга тагдырдын сыноосу менен же инсульт болуп ооруп калса, аларды караган үй-бүлө мүчөлөрүнө жеке ассистент катары каражат бөлбөйбүз. Карыларга камкор болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө жеке асстистент катары маяна төлөнүп берилиши керек. Бул – мамлекеттин эң негизги милдети. Карылардын баа-баркын билүү биздин негизи милдетибиз болуп эсептелет. Экинчиси, бизде 3800 ден ашуун жалгыз бой карылар бар, аларды бир күнкү майрам менен, эртеси өз көйгөйлөрү, түйшүктөрү менен калтырып койбошубуз керек. Ошол карыларга 850гө жакын гана социалдык кызматкерлер бар экен, ушулардын санын көбөйтүү керек, -деди депутат Карыбек уулу.    

Бүгүн, 1-октябрь – карылардын эл аралык күнү.  Бириккен Ууттук Уюмунун Башкы ассамблеясы 1990-жылы 1-октябрды эл аралык карылар күнү деп белгилеген. Ошондон бери бул бир катар өлкөлөрдө жыл сайын белгиленип келет.

Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт. Алардын ичинен 21 адам -Бишкек шаарында.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты