Тинтүүдөн кийин саясатчылар менен активисттерди ар кайсы милиция бөлүмдөрүнө алып кетип жатышат

Үйлөрүн тинткенден кийин саясатчылар менен активисттерди, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн ар кайсы милиция бөлүмдөрүнө алып кетип жатышат. Аларга массалык баш-аламандыкты уюштурууга көмөкчү болуу беренеси боюнча айып коюлууда.  

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова үйү тинтилип жана кармалган саясатчылар боюнча Акыйкатчы аппараты иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Клара Сооронкулованы алып барышты. Ага жапырт  баш-аламандыкты уюштурууга көмөктөшүү айыбы коюлууда.

Активист Эрлан Бекчоро уулун Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты.  Ага жапырт баш-аламандыкты уюштурууга көмөктөшүү беренеси менен айып коюп жатышат. Адвокаты жок, сурак башталган эмес.

Ошондой эле активист Али Шабдан Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына алып барылган. Тинтүү учурунда документтерин, телефонун алышкан.

Айданбек Акматов, Перизат Суранова Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында;

Гүлнара Журабаеванын айтымында, үйү тинтилип, уулунун дрону, планшети телефону, фотоаппараты алынып жатканын айтты;

Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө;

Азимбек Бекназаров ИИМдин тергөө башкармалыгында:  

Равшан Жээнбеков, Таалайбек Мадаминов, Нурлан Асанбеков, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында;

Асия Сасыкбаева Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгында;

Рита Карасартова Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында.

Канышай Мамыркулова, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырык менен бара жатканын айтты.    

Үйү тинтилип жана милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген саясатчылар менен активисттерге жапырт баш-аламандыкты уюштуруу беренеси боюнча айып тагылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бир катар саясатчылар менен активисттердин кармалышы Кемпир-Абадды коргоо комитетинин түзүлгөнүнө байланыштуу экенин, өзү да бул комитетке мүчө болуп киргенин, бул боюнча жыйын өткөнүн жана бийликти басып алуу боюнча эч кандай сөз болбогонун билдирди.

Бүгүн, 23-октябрда, бир катар саясатчылардын, активисттердин, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бир тобунун үйү тинтилип, ички иштер бөлүмдөрүнө алынып кетип жатканы кабарланган. Аларга жапырт баш-аламандыкты уюштурууга көмөктөшүү беренеси боюнча айып тагылууда.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, К.Исаев, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Э.Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты