Президент саясатчы жана активисттердин жапырт камалышы боюнча комментарий берди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров оппозициячыл саясатчылардын жана активисттердин жапырт камалышы боюнча комментарий берди. Президенттин кезектеги маеги «Кабар» маалымат агенттигине жарыяланды.

Жапаров камалган саясатчылар жана активисттер менен диалог кылганга аракет жасаганын билдирди.

«Эки жылдан бери баары менен “ийри олтуруп, түз кеңешип” келе жатам. Быйыл жазда иш бөлмөмө ондон ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, үч саат бою пикир алыштым. Суроолоруна толук жооп бердим. “Жакшы иштер жасалып жаткан экен” деп ынангандай эле болуп кетишкен.

Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да Өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергем.

Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам», — деди президент.

Мындан тышкары ал кармалгандардын ишине кийлигише албасын белгилеп, укук коргоо органдары чечим чыгарарын, андан соң кайрылгандарга ырайым берип, камактан бошотууга укуктуу экенин кошумчалады.

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка кармалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

24-октябрда Бишкек жана Ош шаарларында «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөөнү жана ал боюнча пикирин билдиргендерге куугунтукту токтотууну талап кылган акция өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты