Депутат Айсаракан Абдибаева жаш кыздарды зордуктоо кылмышы боюнча жазаны жеңилдетүүнү сунуштады

29-сентябрда Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда депутат Айсаракан Абдибаева (№15 округ) “зордуктоо” жана “16 жашка толо электерди зордуктоо” беренелери боюнча айыпталгандардын жазасын жеңилдетүү, пробация режимин берүүнү сунуштады.  

Депутат Абдибаева мындай деди:

“Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 158-беренелеринде жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык экркиндикке каршы кылмыштар боюнча мыйзамды жөнгө салууну жакшыртуу зарылдыгы келип жатат. Сунуштун негизги максаты болуп, адамдын жыныстык кол тийбестигин жана балдардын укуктарын коргоону сактоо менен бирге кылмыш-жаза жоопкерчилигин катаалдаштырууга жол бербөө, жазаларды дифференциялоо жана жаза чараларынын объективдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп эсептелет. Ошондуктан биз өткөн отурумда да ушул маселе боюнча аябай талкуулаганбыз» деди депутат.

Депутат Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар боюнча 154-беренесинин 1-бөлүмүнө жана 157-беренеге, 14-главадагы 82-берене боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонууну сунуштады.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкобаева мыйзамда мындай норма мурда болгонун жана ал мурдагы чакырылыштын 80 депутатынын сунушу менен алынып салынганын билдирди.

Депутат Айсаракан Абдибаева мыйзамдагы ал норма аялдардын укугун коргоо максатында алынып салынганын жана жаш балдар бул берене менен эркиндиктен ажырап калып жатканын, жаш эркек балдардын да укугун коргоону айттв.

Депутат тараптардын жарашуусу менен жазаны жеңилдетүү сунушун билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкобаева тараптардын жарашуусу менен жазаны жеңилдеткенге жол берилбей турганын айтты. Сөз 16 жашка толо элек өспүрүм тууралуу сөз болуп жаткандан кийин, жазаны жеңилдетүүгө болбой турганын кошумчалады.

Сүрөттө: депутат Айсаракан Абдибаева. ЖК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты