Саясатчылар жана активисттер 48 саатка камалды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23-октябрда, 20 га жакын саясатчы жана активисттер 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды.

Алардын арасында:  Равшан Жээнбеков,  Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Али Шабдан, Таалай Мадеминов, Улукбек Маматаев, Эрлан Бекчороев, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбаев Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында, Жеңиш Молдокматов, Азимбек Бекназаров, Перизат Сурановв Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында, Клара Сооронкулова Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камалды.

Ал эми Гүлнара Журабаева, Айбек Бузурманкуловдун кайсы жакка камалганы азырынча белгисиз. Канат Исаевдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 1 айга камалганы айтылууда.

Саясатчылар жана активисттер 48 саатка камалды
Сүрөттөр: Интернет булактарынан.
Саясатчылар жана активисттер 48 саатка камалды
Токмок шаарынын убактылуу камоочу жайына камалган активист Атай Бейшенбек.

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Маалыматта атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин
алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынгандыгы айтылат.
Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, К.Исаев, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты