Кемпир-Абад: Бир катар саясатчылардын, активисттердин үйү тинтилип жатканы кабарланды

Социалдык тармактарда Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы чыккан бир катар саясатчылардын, активисттердин үйү тинтилип жатканы кабарланууда.

Активист Эрлан Бекчоро уулу үйүн тинтип жатышканын билдирди.

Жарандык активист Атай Бейшенбек «Фейсбук» баракчасында Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан саясатчылардын үйү тинтилип жатканын жазды:

— Кемпир-Абад берилбесин деген Эрлан Бекчороевич, Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдокматовдун үйлөрүндө обыск, -деп жазды ал.

«Туран» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун үйүндө да тинтүү жүрүп жатканын кабарлады.

Саясатчы Равщан Жээнбеков да үйү тинтилгенин кабарлады.

Гүлнара Журабаева кечээ Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынына чогулушканын, бул тинтүү, кармоо да ошого байланышканын билдирди. Ал тинткени келген милиция кызматкерлерине эшигин ачпай койгонун айтты.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, К.Исаев, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Э.Бекчороев жана башкалар кирген.

Кыргыз-өзбек чек ара келишимине кол койбогон Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков комитети төрагалыгынан алынып, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси наамынан ажыратылды.

22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы жөө жүрүшкө чыгышты.

15-октябрда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өттү. Курултайды жергиликтүү эл уюштурган. Ага Кыргызстандын ар кайсы аймагынан кайдыгер эмес жарандар катышты. Элдик курултай Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын айланасындагы жер Кыргызстандын менчигинде калсын деген чечим кабыл алды.

Парламенттин комитетинин жыйынында Министрлер кабинитинин төрагасынын орун ьасары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты. Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөөсү Кыргызстандан, төртөөсү Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз«, — дейт Ташиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты