Жалал-Абаддагы ЖОЖдон 2600дөн ашык студент окуудан чыгарылды

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жүрүшүндө окууга катышпаган жана өлкө аймагынан сыртта жүргөн студенттерди жасалма негизде окутуу фактылары аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2606 студент окуудан чыгарылды, атап айтканда Жалал-Абад мамлекеттик университетинен (ЖАМУ) – 1142 студент, анын ичинен 167 чет өлкөлүк студент, Токтомаматов атындагы эл аралык университетинен (ЭАУ) – 895 студент, Заманбап эл аралык университеттен (ЗЭУ) – 497 студент, Борбордук Азия эл аралык медициналык университетинен (БАЭМУ) – 58 студент, Жалал-Абад эл аралык университетинен – 14 студент.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана тиешелүү көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү үчүн Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин (ЭАУ) окуу иштери боюнча проректору – С.О., аталган университеттин алдындагы үзгүлтүксүз ачык билим берүү Институнун директору – Э.К, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) алдындагы үзгүлтүксүз билим берүү институнун директору – С.А., ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы – З.К. жумуштан бошотулду.

Буга чейин Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде расмий түрдө кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө өлкөдө жок экендиги жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуп, окуу процессине катышпаганы аныкталып, 59 студент окуудан чыгарылды.

2024-2025-окуу мезгилинде Ысык-Көл облусундагы жогорку окуу жайлардан 941 студент окуудан чыгарылды.

Жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен мамлекеттик университетинен жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды.

Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) 153 студент окуудан чыгарылды, алардын 112си КМШ жарандары болуп саналат. 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде системалык тартип бузуу фактыларынын негизинде 2710 студент окуудан чыгарылды.

Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13 295 студент окуудан чыгарылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, акыркы убактарда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында сабакка катышпаган, тиешелүү талаптарга жооп бербеген 22 228 студент окуудан чыгарылды.

Садыр Жапаров кесиптик жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана санариптик жана дистанттык окутуунун заманбап формаларын киргизүүгө багытталган жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылынан баштап ЖОЖдорго жана колледждерге сырттан студенттерди кабыл алуу чектелет. Сырттан окуу орто кесиптик билим берүүнүн базасындагы тездетилген программаларда жана магистратурада дистанттык технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу менен гана калат.

Сүрөт: Жалал-Абаддагы ЖОЖдун бири. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты