Сузакта окуучу бала ур-токмоктон кийин каза болуп калган
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон кийин каза болуп калган.
Облустук милициянын маалыматына караганда, бул факты Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда териштирүү иштери улантылууда.
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев 24 kg агенттигине билдиргендей, окуя 16-сентябрда Жыгач-Коргон айылындагы Тажибаев атындагы №25 мектептин окуучуларынын катышуусунда болгон. Бирок окуя мектептен сырткары жерде орун алган.
2024-жылы 9-классты аяктаган эки бала аталган мектептин эки окуучусуна чоңдугун көрсөткөн. Балдардын бирин көкүрөк тушка ургандан кийин ооруканага алып баратканда, ал каза болуп калган. 12 окуучу суракка алынып, шектүү катары экөө кармалган. Алар милициянын убактылуу жайына камалган.
Каза тапкан окуучу 17 жашта, 11-класстын окуучусу болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




