Манас шаарындагы ЖОЖдо студенттерден мыйзамсыз акча жыйнашкан. Проректор кармалды  

Манас шаарындагы Эл аралык университте айрым окутуучулар жана проректор  мыйзамсыз акча каражаттарын жыйноо фактылары аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Акча ар кандай себептерге байланыштуу, анын ичинде зачетко жана экзаменге кирүү укугун алуу, жакшы баа үчүн, аттестациядан ийгиликтүү өтүү, окуу учурундагы ар кандай маселелерди чечүү үчүн системалуу түрдө чогултулуп турган.

Чогултулган материалдардын негихинде кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси, пара алуу боюнча кылыш иши козголгон. Тергөө иштеринин натыйжасынжа университеттин пророектору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.  

 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты