Баласагын атындагы КУУда кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде системалык тартип бузуу фактыларын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга катыштыгы бар Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессордук-окутуучулар жана административдик курамындагы адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты