Баткен мамлекеттик университетинен 2170 студент окуудан чыгарылды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен мамлекеттик университетинен жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинен – 570;

Кызыл-Кыя «М.М.Тайиров» атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунан – 801;

Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунан – 380;

А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан – 171;

БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледжинен – 234;

БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжинен – 14 студент окуудан чыгарылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты