УКМК: КМТУ окутуучуларынын ишин тергөө аяктады. 153 студент окуудан чыгарылды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) окуу ишмердигинде аныкталган коррупциялык схема фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү аяктаганын кабарлады.
“Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде айып тагылып, эки окутуучу кызматынан бошотулду, 14 окутуучу жана жогорку окуу жайдын жооптуу кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылып, 153 студент окуудан чыгарылды, алардын 112си КМШ жарандары болуп саналат” деп айтылат маалыматта.
Кылмыш ишинин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү.
Сүрөттө: КМТУ
Муну бөлүшүү