Президент ЖОЖдорго кабыл алуунун жаңы системасы тууралуу жарлыкка кол койду

  • 1 год мурун
Президент ЖОЖдорго кабыл алуунун жаңы системасы тууралуу жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров кесиптик жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана санариптик жана дистанттык окутуунун заманбап формаларын киргизүүгө багытталган жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылынан баштап ЖОЖдорго жана колледждерге сырттан студенттерди кабыл алуу чектелет. Сырттан окуу орто кесиптик билим берүүнүн базасындагы тездетилген программаларда жана магистратурада дистанттык технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу менен гана калат.

Билим берүү министрлигине студенттерди аралыктан идентификациялоо элементтери менен заманбап онлайн окутуу системаларын ишке киргизүү тапшырылды. Министрлер кабинетине алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жаңы токтомго ылайык келтирүү тапшырылды. 

Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты