“Алтын кум” эс алуу жайы тараптан суу астын тазалоодо бир тоннадай таштанды чыгарылды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 9-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдар кызматы тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын кум» эс алуу жайынын аймагында суу астын тазалоодо 1000 кг салмакта таштанды чыгарылды.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 15 суучулу суу астына түшүп, көлдү таштандыдан арылтууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




