Ысык-Көл облусундагы ЖОЖдордон 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды

  • 12 месяцев мурун

2024-2025-окуу мезгилинде Ысык-Көл облусундагы жогорку окуу жайлардан 941 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Анын ичинде: Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен — 779 студент;

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент;

Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен — 48 студент окуудан чыгарылды.

Студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ийбегендиктен окуудан чыгарылды.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты