Жалал-Абад облустук филармониясынын жооптуу кызмат адамдары мыйзам бузууга шектелүүдө
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын жооптуу кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктаганын билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени такталды.
УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Жалал-Абад облустук филармониясынын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Ж.Д.С., филармониянын мурдагы башкы эсепчиси М.Д.М. жана товар жеткирүүчү Н.К.А. кармалды.
Кармалгандар УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-чаралары улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




