УКМК: Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун студент окуудан чыгарылды. Кызматкерлер жазага тартылды

  • 1 месяц мурун

Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылып, 13 окуу жайдын кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, институттун директору кызматынан четтетилип, ЖОЖдун жооптуу жетекчилерин кызматтан алуу сунушталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

“2023-жылдын аягында окуу жайдын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери билим берүү тармагындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен 400дөн ашуун чет өлкөлүк студентти башка ЖОЖдордон которуу жолу менен кабыл алышканы аныкталган. Тактап айтканда, кабыл алуу комиссиясы аталган студенттерди окууга кирүү үчүн керектүү документтеринин жоктугуна жана сабактар боюнча академиялык айырмачылыктардын жол берилген санынан ашып кеткендигине карабастан дистанттык окууга өткөргөн” деп айтылат маалыматта.

«Студенттерди мыйзамсыз которуу жана кабыл алуу фактысы билим берүү жана илим министрлигинин тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында түзүлгөн комиссия тарабынан тастыкталган. Чет өлкөлүк жарандарды окутуу процессинде дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинде: онлайн сабактар өткөрүлбөй, негизсиз баалар коюлган, студенттердин жеке электрондук кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү көзөмөлсүз жана окуу графигинен тышкары берилген, контрактты төлөө боюнча ири карыздар болгон».

Студенттердин көпчүлүгүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерди такыр билбегендигине карабастан, тесттер алынгандыгы жана сессиянын жүрүшүндө аларга жогорку баалар коюлгандыгы аныкталган. Ал эми ЖОЖ тарабынан башка тилдерде окутуу каралган эмес.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты