Бишкекте 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелери онлайн форматка өтөт
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ири масштабдагы иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу шаарда транспорт агымынын көбөйүшү жана жол тыгындарынын жаралышы күтүлүүдө.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү онлайн форматка өткөрүлөт.
Кабыл алынган чаралар иш-чара өтүп жаткан күнү шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга, ошондой эле мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин жана окуу процессинин камсыз кылууга багытталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




