Эсеп палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бөлүмүнүн инспектору кармалды
- 2 недели мурун
Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл аймагындагы айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн ири өлчөмдө 900 миң сом пара алууга шектелүүдө.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Мындан улам,кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (ири өлчөмдө пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 26-июнунда КР Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




