Арабаев атындагы университетте кызматтык жасалмачылыктан улам 59 студент окуудан чыгарылды

  • 2 недели мурун

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде расмий түрдө кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө өлкөдө жок экендиги жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуп, окуу процессине катышпаганы аныкталып, 59 студент окуудан чыгарылды

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө («Кызматтык жасалмачылык») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.       Текшерүүнүн жыйынтыгында чет өлкөлүк 59 студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынды. Анын ичинде Өзбекстандан 30, Казакстандан 20 жараны, Россиядан 9 студент

Тергөө улантылып жатканы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты