Ошто 13 миңден ашык студент жогорку окуу жайларынан чыгарылды
- 12 месяцев мурун
Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13 295 студент окуудан чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) бүтүрүүчү студенттердин билим сапатын жакшыртуу, коррупциялык элементтердин шарттарын, себептерин жана факторлорун четтетүү максатында 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында ЖОЖдордун жетекчилеринин катышуусу менен жалпы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнчаиОшМУдан 3573, ОшТУдан 2754, ОшКӨЭУ 3167, ОшМПУ 3629, КУУнун филиалынан 172 студент чыгарылды.
Учурда ЖОЖдордун кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга жана алардын жоопкерчилигин мыйзам чегинде кароого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Ош шаарындагы ЖОЖ имараттарынын бири. УКМК басма сөз кызматы




