Садыр Жапаров президентикке талапкерликке арыз бергендер менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин коюу боюнча БШКга арыз берген адамдар менен жолугушту. Бул тууралуу президент 18-ноябрда Фейсбук социалдык баракчасында билдирди.   


-Бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон талапкерлер менен жолугуштум. Негизги максатым — алардын ой-пикирлерин угуу, шайлоого даярдык көрүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатканын, “административдик ресурс жана жасалма тоскоолдуктар колдонулуп жаткан жокпу” деп түздөн-түз баарлашуу болду. Мен алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзүм кызыкдармын. Буга чейин да бир нече жолу айткам, бүгүн дагы кайталайм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек,- деди Садыр Жапаров.  

Мамлекет башчы жолугушууда айтылган айрым тынчсызданган жагдайларга да токтолду:

— Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздердин негизги милдетиңиздер — кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу. Менин президенттик шайлоого катышып жатканым сиздерди жеке мага иштөөгө милдеттендирбейт. Административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды кайсы бир талапкерди колдоого мажбурлоого, башка талапкерлерге тоскоолдук жаратууга жол берилбейт. Кимде-ким кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишсе, мыйзам алдында жооп берет. Бул талап баарына бирдей, -деп билдирди Жапаров.

Мен “Кыргызстанда шайлоо” дегенде элдин эсине коркутуу, басым-кысым жана административдик ресурс эмес, таза атаандаштык, ачык талкуу жана эркин тандоо келген саясий маданият калыптанышын каалайм. Бул шайлоо кимдир бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекетибиздин демократиялык жетилгендигин көрсөтүшү керек, -деп билдирди президент Жапаров.

Ошондой эле «Түндүк» аркылуу кол топтоого жардам берүүнү жарандардан өтүндү.

13-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.

Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 7-декабрга чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.

Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат

Президенттикке талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.

-12-ноябрда Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.

-12-ноябрда Мамбетжунус Абылов президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

-11-ноябрда Амур Айба Медер президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

-11-ноябрда, Бактыбек Адылов;

-11-ноябрда Бактыбек Калмаматов;

-10-ноябрда президент Садыр Жапаров;

-6-ноябрда Исхак Масалиев;

-4-ноябрда Акай Кыдыров;

-27-октябрда Азамат Эсенбеков;

-28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  кайрылды.

-14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.

Президентти шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Сүрөт: Президенттин ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты