Садыр Жапаров алдыдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды
- 4 часа мурун
Бүгүн, 10-ноябрда, президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоодо президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
10-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.
Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрга чейин белгиленген.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
6-ноябрда Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
4-ноябрда Акай Кыдыров президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбрдук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
27-октябрда Азамат Эсенбеков кайрылган. 14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.
28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин Өмүрбек Суваналиев, Эмил Жамгырчиев билдирди.
Сүрөт: БШК




